Ссылки доступа

"Эхо Москвы" радиосунун журналистин палатага которушту


Күн мурун жарадар болгон “Эхо Москвы” радиостанциясынын журналисти Татьяна Фельгенгауэрди операциядан кийин палатага которушту. “Интерфакс” маалымдагандай, анын абалы орто оор катары бааланууда.

23-октябрда белгисиз киши "Эхо Москвы" радиостанциясынын редакциясына кирип келип, кароолчуга газ чачып, журналистти бычактап кеткен.

Кол салуучу – 48 жаштагы Орусия жана Израиль жараны Борис Гриц экени маалым болду. Сурак учурунда ал бул аракетинин себебин так түшүндүрүп бере алган эмес. Анын айтымында, журналист “телепаттык байланышты колдонуу менен кыжырына тийген”. Грицке карата “Адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ага карата психиатриялык экспертиза дайындалат.

Грицтин курсташы Анна Максимова Би-Би-Сиге маалымдагандай, Гриц – Ленин атындагы педогогикалык институттун физика факультетинин бүтүрүүчүсү, атмосферанын катмарларын иликтөө боюнча адис. Израилде жана АКШда иштеген, жаңы жумуш издеп жакында Орусияга келген.

XS
SM
MD
LG