- Бул объект кулап кеткенден кийин толугу менен демонтаж болушу керек. Кайра башынан баштап, долбоордун негизинде гана курулушту баштаса болот. Учурда иш токтоду. Иликтөө бүткөндөн кийин объект сүрдүрүлөт.
Мелис Адиев “Авангард стиль” компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөшү мүмкүн экенин кошумчалады. Ал азыр иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан айыптын так көлөмүн айтуу мүмкүн эмес экенин билдирди.
23-октябрда аталган компания куруп жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулап түшкөн. Кырсыктан 13 киши жабыркап, экөө ооруканага жаткан. 11 адам медициналык текшерүүдөн соң үйүнө чыгарылган.