Шейшембиде Орусия Сириядагы химиялык курал чабуулуна ким жоопкер экенин аныктоочу инспекторлордун ишин улантуу боюнча резолюцияга вето койду. Кеңештин 11 мүчөсү “макул” деген добуш берди.
Буга чейин Орусия АКШ тарабынан даярдалган документти кароону 7-ноябрга жылдырууну сунуштаган, бирок ал кабыл алынган эмес. 26-октябрда эл аралык эксперттер Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча акыркы баяндамасын жасашат.
БУУ жана Химиялык куралга тыюу салуу уюму тарабынан 2015-жылы түзүлгөн иликтөө тобунун мандаты 17-ноябрда аягына чыгат. 2016-жылы миссиянын мандаты узартылган.
Быйыл апрель айында Хан-Шейхун деген шаарчада зарин газы колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Вашингтон буга жооп чара катары Сириянын өкмөттүк Шайрат аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку да урган болчу. Президент Башар Асаддын өкмөтү жана аны колдоп келе жаткан Орусия химиялык чабуул үчүн козголоңчул топторду күнөөлөшкөн. Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган.
Эксперттердин эсеби боюнча Сирияда химиялык курал 6 жыл аралыгында 30 жолу колдонулган.