Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга токтолуп мамлекет башчы Кыргызстан ЕАЭБге киргенде андан көптү үмүт кылып алганын, эми бул уюмга ишенип болбой калганын айтты. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин, бирок ЕАЭБ бир кишиден көз каранды уюм болбошу керектигин айтты.
Алмазбек Атамбаев кыргызстандык дыйкан-фермерлердин чек арадан Казакстанга өтө албай турган азыктарына байланыштуу тез арада Өзбекстан жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин кошумчалады.