- Акыркы маалымат боюнча, көмүр келе баштады. Кечээ алгачкы алты, бүгүн тогуз вагон келди. Азыр дагы 25 вагон кыргыз-казак чек арасындагы “Луговое” станциясына келип калды. Ушул айдын аягына чейин 100 миң тонна келет.
Кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганы менен байланыштырууда.