Ссылки доступа

Санкт-Петербургда 30дан ашуун тажик мигранты ууланды


Санкт-Петербургда 30дан ашуун тажик мигранты «сальмонеллез» диагнозу менен ооруканага жеткирилди. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

“Народный” соода түйүнүнүн тажик бригада башчысы Жовид Абдуллоев алардын 14ү Боткин ооруканасында, 15 киши үйүндө дарыланып жатканын билдирди.

Анын айтымында дүкөндүн жумушчулары мөөнөтү өтүп кеткен гречкадан жасалган тамактан ууланышкан. “Жоготуулар жок. “Народный” соода түйүнүндө 500дөн ашуун тажик мигранты иштейт”, - деди Абдуллоев.

Маалыматтарга караганда, мигранттар соода түйүндөгү ашканада ууланышкан. Айрым жумушчулар жетекчилик эгер ооруканага кайрылышса, иштен бошотуларын эскерткенин айтышууда.

Дүкөн администрациясы жумушчулардын ууланганын четке каккан жок, бирок комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG