Саидмукаррам Абдулкодирзода Тажикстан мусулмандарынын тынчтыгы үчүн кайсы учур болбосун кызматын таштоого даяр экенин айтты. “Тажикстанда тыюу салынган агымдарга кошулуп кеткен бир нече имам-хатибдер камалып, жазага тартылды. Эгер бул демилге мага байланыштуу болсо, өлкөнүн бейкуттугу үчүн отставкага кетүүгө даярмын. Себеби мен 1990-жылдардагы окуялардын кайталанышын каалабайм”, - деди ал.
Бул арада комитеттин басма сөз кызматы бул чечим чет өлкөдө мыйзамсыз окуган имам-хатибдерге гана тиешелүү экенин билдирди.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө Дин иштери боюнча комитет менен аймактагы башкармалык жетекчилеринин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөсү жарыяланган. Анда чет өлкөдө билим алган имам-хатибдерди эки апта ичинде бошотуу, алардын ордуна “татыктуу талапкерлерди” коюу тапшырмасы берилген.