Ссылки доступа

Paradise Papers: ири каржылык көз боёмочулуктардын бети ачылды


Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму масштабы жагынан «Панама документтерине» тең келчү жаңы документтердин топтомун жарыялады.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциумунун кабарчылары 13,4 миллионго жакын жашыруун документтерди иликтеп, жогорку кызматтагы аткаминерлердин салык төлөөдөн качуу боюнча жаңы схемаларын ачыкка чыгарышты.

«Бейиш досьеси» же «Бейиш аралдарынын файлдары» (Paradise Papers) деген аталыш алган иликтөөнүн жыйынтыктары 5-ноябрда жарыяланды. Документте АКШ лидери Дональд Трамптын администрация мүчөлөрүнүн Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалаштары менен ишкердик байланыштары жөнүндө дагы айтылган.

Алсак, иликтөөдө Кошмо Штаттардын соода министри Уилбур Росстун ысымы аталган. Ал Орусиянын ири нефтехимиялык холдинги эсептелген «Сибур» менен кызматташкан Улуу Британиядагы Navigator Holdings компаниясында коммерциялык кызыкчылыктарга ээ экени жазылган. Бул тууралуу «Немис толкуну» басылмасы жазды.

Би-Би-Си телеканалы Улуу Британиянын Консервативдик партиясынын төрага орун басары Майкл Эшкрофтун он миллиондогон фунт стерлинг өлчөмүндөгү салык төлөөдөн качуу аракетин көргөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG