Анын айтымында, кеп 22 жаштагы Ильназ Пиркиндин иши тууралуу болууда. Ал октябрда унаалардын биринен автомагнитола жана башка буюмдарды уурдаган. Жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылып, кийинчерээк уурдалган буюмдарын интернетте сатыкка коюлган жеринен таап алган. Тергөөчүлөр эч кандай аракет көрбөгөндүктөн ал досу менен ууруларды өз алдынча издеп таап, келтирилген чыгымды толугу менен төлөтүшкөн.
Кийинчерээк бул маалымат полициячыларга жетип, 25-октябрда алар тонолгон адам менен анын досун сабап салышкан. Жабырлануучунун жубайы полиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачууда өзүлөрүнүн аты аталбай калганына нааразы болуп ушундай кадамга барган болушу мүмкүндүгүн билдирди.
Уурулук кылганын моюнуна алган Ильназ Пиркин ИИБдеги кыйноолордон кийин 19-октябрда өз жанын кыйган. Сурак маалында укук коргоо кызматкерлери аны автоунаадагы уурулук боюнча дагы 47 иште күнөөсүн моюнуна алууга мажбурлашканы 2-ноябрда маалым болду. Пиркиндин өлүмү боюнча үч полиция кызматкери камакка алынган.