Human Rights Watch 6-ноябрда тараткан билдирүүсүндө түркмөн бийлигин кол салууну айыптоого жана тыкыр иликтөөгө чакырды. 28-октябрда белгисиз кишилер “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” укук коргоо тобунун жетекчиси Тухбатуллиндин апасы Халида Избастинованын терезесин талкалап кетишкен. Избастинова физикалык жактан жабыр тарткан эмес, бирок “тез жардам” чакырууга туура келген.
“Сыягы, чабуул кокустан эмес”, - деп эсептейт HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Рэйчел Денбер. “Бул өкмөт активисттерди катуу көзөмөлдөп жаткан маалда болууда. Бийликтин Тухбатуллинге колу жетпей жатат, ошондуктан алар аны эскертүүнүн башкача ыкмаларын колдонууда”,- деди Денбер.