Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевдин апасынын атын айылга беришет


Жамбыл облустук кеңешинин 6-ноябрдагы жыйынында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин энеси туулган Касык айлынын атын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Мындан ары калктуу конушту Алжан ана (Назарбаевдин апасы) деп атоо сунушу бир добуштан колдоо тапты.

Маалыматтарга караганда, демилгени Касык айлынын жашоочулары көтөрүшкөн.

“Биздин президентибизди төрөгөн аял буга татыктуу. Эге ар бир эне ушундай уул төрөсө, бизде цивилизация болот”, – деди облустук кеңештин депутаты Ерболат Саурыков.

Касык айлы Жамбыл облусунун Кыргызстан менен чектеш Кордай районунда жайгашкан. 2009-жылдагы эсеп боюнча калктуу конушта үч жарым миңдей киши жашайт.

XS
SM
MD
LG