"Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сөз болду. Андан тышкары буга чейин келишилген макулдашууларды ишке ашыруу, соода, инвестиция, энергетика, транспорт, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды", - деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Эмомали Рахмон менен Жавад Зариф жакынкы күндөрү Душанбеде өткөрүү пландалган соода-экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны маанилүү экенин белгилешти.
Ирандын ТИМ башчысы Тажикстанга 8-ноябрь күнү эртең менен келген. Сапар маалында аны өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Реза Ардаканиян коштоп жүрдү.
Шаршембиде Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов менен дагы жолуккан Жавад Зариф Ирандын Душанбедеги элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Ирандын тышкы иштер министри бир нече жылдан бери Душанбеге келген ирандык жогорку кызматтагы алгачкы аткаминер болуп калды.