Ссылки доступа

Батыш өлкөлөрү Сириядагы химиялык чабуулду иликтөөнү улантууну талап кылууда


Орусия Сирияда химиялык куралдын колдонулушу боюнча БУУнун иликтөө тобунун ишин калыбына келтирүүгө каршы экенин билдирди.

Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШнын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүүсүндө алар химиялык куралга тыюу салуу боюнча БУУнун тергөө тобунун «көз карандысыз жана адискөй экендигине толук ишене тургандыктарын» айтышып, анын мандатын калыбына келтирүүгө үндөштү.

Мурдараак Сирия өкмөтү Хан-Шейхун шаарында зарин колдонгондугу тууралуу тергөө тобунун корутундусун Орусия четке кагып, тергөө жараянын кайрадан карап чыгууга чакырган. 8-ноябрда өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва 16-ноябрда аяктай турган БУУ командасынын мандатын дагы 18 айга узартуу тууралуу Батыш өлкөлөрүнүн резолюциясына каршы экенин билдирген. Өткөн айда Орусия ушундай эле резолюцияга вето койгон.

Ак үй Орусияны өз багытын өзгөртүп, «жооптуу өлкөлөр» менен бирге БУУнун тергөө механизминин сакталышы үчүн добуш берүүгө үндөдү.

«Бул маанилүү чечим — эл аралык коомчулукту Химиялык курал боюнча конвенцияны, ошондой эле химиялык курал колдонууну токтотуу боюнча жалпы максаттарыбызды ишке ашырууга шыктандырышы керек», — деп айтылган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG