Ссылки доступа

RT телеканалы АКШда чет элдик тыңчы катары катталат


Орусия бийлиги тарабынан каржыланган RT (Russia Today) телеканалы АКШда чет элдик тыңчы катары катталууда. Бул тууралуу телеканалдын башкы редактору Миргарита Симоньян билдирди.

Буга чейин ал өлкөнүн Юстиция министрлиги тиешелүү документтерди 13-ноябрга чейин берүүнү талап кылганын айткан. Азырынча бул маалымат боюнча мекемеден комментарий берише элек.

Симоньян АКШ бийлигинин талабын «басмырлоочу» деп атап, телеканал сотко кайрыларын билдирди. Анын пикиринде, чет элдик тыңчы катары катталуу зарылдыгы «демократия менен сөз эркиндигинин принциптерине каршы келет». Мурдараак Мамлекеттик департамент АКШдагы чет элдик тыңчы тууралуу мыйзам Орусиядагыдан айырмаланып, маалыматтарга чектөө койбосун белгилеген.

Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова кийинки жумада өлкөдө америкалык ММКларга карата жооп кайтарылышы мүмкүн экенин билдирди. Буга чейин Федерациялар кеңешинде чет өлкөлүк ММКлардын, анын ичинде «Свобода» жана «Америка үнү» радиолорунун өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салуу маселеси талкууланган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кенттин билдиришинче, «RT телеканалы өз программаларын АКШда кабелдик телеберүү аркылуу таратат, ал эми "Свобода" радиосу андай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. Ал Орусияда "Свобода" радиосунун журналисттерине карата болгон куугунтуктоолор жана кол салууларды, алардын өлкөдөгү каттоолору жокко чыгарылган учурларды белгилеп, ал эми АКШда орусиялык журналисттер эркин жүрүшөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG