Маалыматка караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү исламчылардын кысымына туруштук бере албай, Абу-Кемалдан артка чегинишкен. Учурда шаардын айланасында өз позицияларын кайтаруу аракетин көрүп жаткан Сирия аскерлери менен жоочулар ортосунда айгышкан күрөш жүрүп жатканы кабарланууда.
Бейшембиде союздаштары колдоп жаткан Сирия армиясынын аскерлери ИМдин Абу-Кемалдагы коргонуусун бузуп кирип, жихадчылардын өлкө аймагындагы акыркы ири таянычы эсептелген шаар бошотулганын билдиришкен. Андан соң алар шаарды террорчулардан тазалай башташкан. Согуш жүрүп жаткан аймактагы өз булактар кабарлашкандай, Сириянын өкмөттүк күчтөрү ирак аскерлери менен чек арада жолугушкандан кийин ИМ жоочуларын курчоого алышкан.