Ссылки доступа

Федерация Кеңеши ММКларды "тыңчыга" теңеген мыйзам долбоорун карап чыгууга даяр


Федерация кеңеши ММКларды “чет элдик агенттерге” теңеген мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди тапканын жарыялаган Адам укуктары боюнча президенттик кеңештин кайрылуусун кароого даяр.

Бул тууралуу РИА Новостиге орус парламентинин жогорку палатасынын конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Андрей Клишас билдирди. Анын айтымында, Федерация Кеңеши кайрылууну азырынча ала элек, эгер кат келсе, шейшембидеги жыйын учурунда каралат.

Адам укуктары боюнча кеңеш чет өлкөлүк каржылоонун негизинде гана ММКлар тыңчыларга теңелип жатканына көңүл бурган. Кеңештин мүчөлөрү бардык чет элдик ММКларга чет өлкөлүк булактардан киреше келерин белгилеген. Эксперттер “тыңчы” тизмесине киргизилген ММКлардын бардыгына “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзамда каралган милдеттемелерди жүктөө туура эмес деп эсептешет.

15-ноябрда Мамдума чет өлкөлүк ММКларга “чет элдик тыңчы” макамын ыйгарган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү бир добуштан колдогон. Москва муну менен Орусиянын "Russia Today" телеканалынын АКШда чет элдик агент катары таанылганына жооп беришкенин билдирген. Ушул эле күнү Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын бир нече долбоорлоруна эскертүү катын жиберген.

XS
SM
MD
LG