Ссылки доступа

Атамбаев: Кыргызстан ЕАЭБдин курамынан чыкпайт


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамынан чыкпай турганын билдирди.

«Иш жүзүндө Кыргызстандын ЕАЭБге болгон жолун тосуп салышты. Бирок буга карабастан биз Орусия менен туугандык мамилени сактап калышыбыз керек. Биз ЕАЭБден чыкпайбыз. Бирок уюмдун аткаруучу комитети тараптан эч кандай аракет көрбөй жатабыз жана бул өкүнүчтүү. Дүйнөлүк соода уюмунда бир өлкөнүн каалоосунун айынан башка өлкөгө блокада жасаганын элестетүү мүмкүн эмес. Бул блокада Кыргызстанга гана эмес, ЕАЭБдин имиджине дагы сокку болууда. ЕАЭБдин аткаруу комитети мына ушул жөнүндө ойлонушу керек», - деди Атамбаев.

Кыргыз-казак чек арасынан казак тарапка өтүү 10-октябрдан тартып кыйындаган. Ага чейин Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигин Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп сындаган.

Алгач казак өкмөтү бул аракетин Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы абалга, кийин Кытайдан ташылган аткезчилик товарга байланыштырган.

XS
SM
MD
LG