Анда сентябрда Челябинск облусунун «Маяк» өндүрүштүк бирикмеси жайгашкан жүз чакырымдык аймактан алынган үлгүлөрдө радиоактивдүү рутений-106 затынын (Ru-106) бар болгондугу тууралуу ачык айтылган.
Орусияда сентябрда абага Ru-106 заты тарагандыгы тууралуу буга чейин Германия менен Франциянын окумуштуулары билдиришкен. Алар окуя болгон аймак катары болжол менен Казакстан менен чектешкен Түштүк Урал жана Челябинск облустарын аташкан. Бирок орус бийлиги сентябрда өлкөдөгү радиоактивдүү объекттерде авариялардын болгонун жана абага радиациялык заттардын жайылганын четке каккан. «Росатом» радиация булагы алардын ишканасы экендиги жөнүндөгү корутундуну «ишенимсиз» деп атаган.
Росгидрометтин кызматкерлери рутенийдин жогорку деңгээлин Новогорный, Худайбердинск жана Метлино айылдарынын үстүнөн алынган үлгүлөрдөн табышкан. Рутений аныкталган бардык станциялар пайдаланылган өзөктүк отунду кайра иштетүү менен алектенген «Маяк» комбинатынан алыс эмес жерде жайгашкан.
Тема боюнча:
Рутений-106 негизинен медицинада колдонулат. Германия жана Франция окумуштууларынын маалыматы боюнча, Европа үстүндөгү атмосферада радиациялык заттын максималдуу топтолушу октябрдын башында катталган. Бирок учурда адамдардын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.
"Коммерсант" басылмасы Челябинск облусунун вице-губернатору Олег Климовго шилтеме кылып, күзүндө бул аймакта рутенийдын абадагы жогорку деңгээли байкалганын жана жергиликтүү бийлик атом энергиясы боюнча «Росатом» мамлекеттик коорпорациясы менен «Маяк» өндүрүштүк бирикмесинин адистеринин катышуусунда бул темада кеңешме өткөргөнүн билдирди. Бирок ачык булактарда ал кеңешменин жыйынтыктары тууралуу маалыматтар жок.