Ссылки доступа

Казакстандын батышында окуучулар жапырт түрдө ууланышты


Батыш-Казакстан облусунун Аксай шаарында 6-класстын 22 окуучусу жапырт түрдө ууланып ооруканага түштү.

Лабораториялык иликтөөлөр чыга электигине байланыштуу дарыгерлер уулануунун себептерин аташа элек. Батыш-Казакстан облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Канат Тосекбаев окуучулардын ичи ооруп, кусуп келишкенин билдирди. Балдар ууланууну мектептин ашканасындагы тамактануу менен байланыштырышууда.

Саламаттыкты сактоо башкармалыгы бүгүн эртең менен 17 бала сакайып, ооруканадан чыкканын билдирди. Дагы бешөөнүн абалы “канааттандыраарлык” деп бааланууда.

Батыш-Казакстан облусунун коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин эсеби боюнча аймакта 10 ай ичинде 228 курч мүнөздөгү ичеги-карын оорулары катталган.

XS
SM
MD
LG