Оор жүрөк дартына кабылгандарга уникалдуу операцияларды жасаган Абдумалик Саломов сентябрдан бери абакта отурат. Аны менен кошо дагы эки киши айыпталууда.
Дарыгердин адвокаты Бахтиёр Вахидовдун айтымында, кардиохирург Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” кыймылынын мүчөлөрүнүн аш үстүндөгү жыйынына катышканы үчүн айыпталууда.
“Тергөөчүлөрдө жетиштүү далилдер жок. Аны камоого негиз болгон эмес”, - деди Бахтиёр Вохидов.
Абдумалик Саломов айыптоолорду четке кагууда, ал эч качан диний уюмдарга мүчө болбогонун билдирип келет. Кардиохирургдун туугандары мамлекет башчы Эмомали Рахмонго кат жолдошуп, бул иштин объективдүү иликтенишине жардам берүүсүн суранышкан.