Мигранттарды “Москва-Душанбе” поезди менен мекенине жөнөтүштү. Алардын баарын айдын башында орусиялык чек арачылар Москвадан Душанбе менен Худжандга багыт алган үч поездден түшүрүп салышкан.
Астрахан облусунда сот тажик мигранттарын Орусиядан чыгаруу боюнча чечим чыгаргандан кийин алар мекенине жөнөтүлдү. Москва-Душанбе поезди жумасына үч сапар каттайт, "Аксарайдан" Душанбеге чейинки жол эки күн.
Буга чейин Тажикстан өкмөтү мамлекеттик темир жол ишканасына “Аксарай” өткөрмө бекетинде калган тажик мигранттарын бекер ташууну тапшырган.
Ноябрдын башында “Аксарайда” Москвадан Душанбе жана Худжандга багыт алган үч поездден 200дөй жүргүнчү түшүрүлгөн. Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча алардын арасында Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары дагы болгон.