Анын маалыматына караганда, ноябрда Өзбекстандын алтын-валюта резерви 26 миллиард АКШ долларына жетип, үстүбүздөгү жылдын сентябрына караганда 750 миллион долларга көбөйгөн.
Ишметов бул маалыматтар алгачкы жолу ачыкталып жатканын жана буга чейин алар жашыруун болгонун белгиледи. Анын айтымында, 2018-жылдын январынан тарта өлкөдөгү бардык мекемелер бул сыяктуу мурда жашыруун болуп келген маалыматтарды ачык жарыялашат.
Өзбекстандын алтын-валюта резервинин ачыкталышы менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн байлыгын салыштырууга мүмкүн болду. Ага ылайык, Өзбекстан алтын-валюта резервдеринин көлөмү боюнча Казакстандан кийинки экинчи орунда турса, эң акыркыда Тажикстан турат.
Алтын-валюта резервдери – Борбордук банктын көзөмөлүндөгү активдер. Алар чет элдик валюталардан, баалуу кагаздардан жана алтындан турат. Резервдер сырткы милдеттенмелерди аткаруу жана валюта курсун жөнгө салуу үчүн керек.