Ссылки доступа

Орусияда полициячылар Өзбекстан жаранынын 6 жаштагы кызын тартып алышты


Москва облусунун Клин шаарынын полиция кызматкерлери Өзбекстан жаранынын чоңдордун коштоосусуз сейилдеп жүргөн 6 жаштагы кызын алып кетишти. Учурда өзбекстандык Фируза Уткированын кызы жашы жете электердин борборунда кармалууда.

Фируза Уткированын айтымында, 3-ноябрда 19 жаштагы баласы кызын үйгө камап кеткен. Бирок кандайдыр бир жол менен эшикти ачып алган кыз көчөгө чыгып, аны полиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Кийин кызы жашы жете электердин борборунда экенин билдиришип, атайын комиссия чечим чыгарганга чейин ал берилбей тургандыгын айтышкан.

Текшерүү менен келген камкордук органынын кызматкерлери баланын бардык документтерин алып кетишип, алардын үйүндөгү шарттарды канааттандыраарлык эмес деп табышкан.

Фируза Уткирова Өзбекстанда бала бакчада тарбиячы болуп иштегенин жана педагогикалык тажрыйбага ээ экенин билдирүүдө. Айтымында, буга карабастан полиция кызматкерлери менен камкордук органдары кызын таптакыр бербей кое тургандыктарын айтып коркутууда.

XS
SM
MD
LG