Ссылки доступа

Түркмөнстанда мугалимдер менен жоокерлер пахта чогултууда


Түркмөн бийлиги учурда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин пахта теримге чыгарууда. Түркмөнстан быйыл 1 миллион 50 миң тонна ак алтын чогултууну пландоодо.

“Азаттыктын” түркмөн кызматына маек берген Ахал облусунун мугалимдеринин биринин айтымында, бийлик августтун башынан тарта дем алыш күндөрү мугалимдерди пахта терүүгө мажурлоодо.

"Дем алыштан кийин мектеп директоруна 60 килограмм пахта тергенибиз тууралуу маалымкат тапшырышыбыз керек. Мугалимдердин түйшүгү көп, сабактан кийин дептерлерди текшерип, план түзүп, окууга даярдануу керек, андан тышкары үй жумуштары бар. Анан дем алыш күндөрүн пахта терүү менен өткөрүү өтө оор", -деди атын атагысы келбеген мугалим.

Пахта теримге өзү чыга албаган мугалимдер атайын киши жалдашууда. Жалданма жумушчунун акысы орто эсеп менен 10 мантатты (2.85 АКШ доллары) түзөт.

Маалыматтарга караганда, учурда Ахал облусунун пахта талааларында жоокерлерди дагы көрүүгө болот. Алар дагы бир күндө 60 килограмм пахта чогултууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG