Ссылки доступа

Казакстан Бакиевди катыштырып Кыргызстан тууралуу тасма тартты


Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевден интервью алып, документалдык тасма тартты. Бүгүн ал тасманын анонсу Интернетке чыкты.

2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийинки окуялар көрсөтүлгөн тасмада Бакиевдин ошол күндөрдү эскерүүсү, Ак үйдүн алдындагы атышуу, кан төгүлгөн кадрлар көрсөтүлөт. Анда Бакиев: “Мен ишенем, убагы келгенде мекениме кайтып барам” деп айтат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Соңку 1,5 айдан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле бузулуп, чек арадан казак тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

Улуттук «Хабар» маалымат агенттиги толугу бойдон мамлекетке карайт. Анын негиздөөчүсү - Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги.

Бакиев Кыргызстанда 2010-жылдагы 90дой адамдын өмүрүн кыйган апрель окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан эркинен ажыратылган. Учурда ал Беларуста жашайт.

XS
SM
MD
LG