Теллерсон Батыш Орусия менен жаңы жемиштүү мамилелерди каалай турганын, бирок азырынча ал «ишке ашпачудай» болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Украинадагы жаңжал жөнгө салынмайынча, Вашингтон менен Москванын алакасын жакшыртууга мүмкүн эмес.
Рекс Тиллерсон Москва менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө боло турган тармактар бар экенин билдирип, алар Сирияда «Ислам мамлекетине» каршы күрөшүү жана ооган көйгөйүн чечүү экенин белгиледи.