Ссылки доступа

Ташкентке Ооганстандан алгачкы учак келип конду


Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко 29-ноябрда Кабул-Ташкент багытындагы алгачкы учак келип конду. Эки өлкө ортосундагы аба байланышы мындан ары ырааттуу түрдө -  шаршемби жана жекшемби күндөрү жүзөгө ашып турат.

Өзбек медиасы кабарлагандай, Ооганстандан чыккан жүргүнчүлөр мурун Стамбул жана Дубай аркылуу 17ден 32 саатка чейинки убакыт коротуп Ташкентке учуп келишчү. Азыр Кабул менен Ташкенттин ортосундагы түз каттам болгону бир жарым саат убакытты алат.

Бул арада жарандык авиациядагы ооган учкучтарын Өзбекстандын Улуттук авиакомпаниясынын Жайкы мектебинде окутуу, каттамды аткарып жаткан Kam Air компаниясынын аба кемелерин Uzbekistan Airways Technics ишканасында техникалык тейлөөдөн өткөрүү боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Жакын арада өзбек авиакомпаниялары дагы Ооганстанга каттай баштайт.

XS
SM
MD
LG