Ссылки доступа

Бишкекте Казакстандын Кыргызстан жөнүндө көрсөткөн тасмасына нааразы болушууда


Кыргызстандык активисттер Курманбек Бакиевге ич кийим чогултуп беришти. Бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму уюштурган акция өттү. Ага 20дай активист катышып, "Хабар" агенттигинде апрель революциясы жөнүндө көрсөтүлгөн даректүү тасмага каршылыгын билдиришти.

Уюмдун мүчөсү Кеңешбек Көктемировдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, эки куту ич кийим Бакиевге жөнөтүш үчүн чогултулган.

Акциянын катышуучуларына элчиликтен эч ким чыккан жок. Алар кутуларды дипломатиялык өкүлчүлүктүн кире беришине калтырып, кете беришти.

Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттиги 29-ноябрда “Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз ажырымы” деп аталган 45 мүнөттүк тасма көрсөттү. Анда Кыргызстандагы 2010-жылдагы бийлик алмашуу, Бакиевдин ошол күндөрдү эскерүүсү, Ак үйдүн алдындагы атышуу, кан төгүлгөн кадрлар көрсөтүлөт. Тасмада Бакиев: “Мен ишенем, убагы келгенде мекениме кайтып барам” деп айтат.

Ошондой эле ал Кыргызстандан үстүндө эмне болсо ошо бойдон чыгып кеткенин, кийин анын үйүнө кирип баргандар баарын, жада калса ич кийимине чейин көтөрүп кетишкенин айткан.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Улуттук «Хабар» маалымат агенттиги толугу менен мамлекетке карайт. Анын негиздөөчүсү - Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги.

Бакиев Кыргызстанда 2010-жылдагы 90дой адамдын өмүрүн кыйган апрель окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан эркинен ажыратылган. Учурда ал Беларуста жашайт.

XS
SM
MD
LG