Ссылки доступа

Ракеталар менен сабырдуулукту сыноо. Керри сырларды ачууда. Өзбекстанда акустикалык чабуул болдубу?


Урматтуу өнөктөштөр! Силерге "Басма сөзгө баяндама" аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

Түндүк Корея. Ракета жана сабырдуулукту сыноо

Акыркы баллистикалык ракетанын сыналышы — Түндүк Кореянын өзөктүк программасындагы прогрессти көрсөтөт, деп жазды The Wall Street Journal. Ошол эле маалда басылма баллистикалык ракетаны учурууда Түндүк Корея АКШ кызыл чектен ашып, Пхеньян менен согушту баштабай турганын билгенин белгиледи. АКШ Түндүк Кореянын кезектеги «кылыгына» кескин жооп кайтарды.

«Биз эч качан Түндүк Корея менен согуш баштоого аракет кылган эмеспиз. Бирок эгер согуш баштала турган болсо, анда Түндүк Корея режими толугу менен талкаланып, жок кылынат», деп билдирди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли уюмдун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Ал дүйнө өлкөлөрүн Түндүк Корея менен болгон бардык байланыштарды үзүп, Пхеньянды БУУдагы добуш берүү укугунан ажыратууга чакырды.

Иранды бомбалоого үндөшкөн

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондун Жакынкы чыгыштагы эң башкы үч өнөктөшү — Израиль, Сауд Арабиясы жана Египет — экс-президент Барак Обамага басым жасап, «Иранды бомбалоого» үндөшкөндүгүн билдирди. Ал бул окуя 2015-жылы июлда кол коюлган белгилүү өзөктүк макулдашууга чейин болгонун айткан, деп жазды Newsweek басылмасы.

Керринин айтымында, Иранга өч Жакынкы Чыгыштагы эки суннит өлкө жана Израилдин жетекчилери АКШ Тегеранга каршы аскердик аракеттерди башташы керектигин белгилешкен. «Алардын ар бири «силер Иранды бомбалашыңар керек, бул — алар түшүнө турган жалгыз нерсе» деп айтышкан», — деген Керри. Ошол эле маалда аталган өлкөлөр Иран менен согуш баштоо ыктымалдыгы үчүн АКШны эл алдында сындап келгендиктерин кошумчалаган.

Анткен менен Израилдин АКШдагы мурдагы элчиси Майкл Орен The Jerusalem Post гезитине берген маегинде Жон Керринин бул билдирүүсүн сынга алды. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдөй эле Израиль дагы, АКШ Ирандын өзөктүк коркунучун аскердик кийлигишүү же дипломатиялык жол менен жок кылуу тандоосуна ээ болгонун түшүнгөн.

Ооганстандагы жаңы "шыпыргы"

АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы аскерлеринин командачысы Жон Николсон Дональд Трамптын Ооганстандагы америкалык аскерлерди көбөйтүү планы Кабулдун күчтөрүн жеңишке сүрөгөн “бурулуш учур” экенин билдирди. Генерал кийинки эки жылда америкалык аскерлер “Талибандын” жоочуларын позицияларынан кайтууга же өлүүгө мажбурлайт деп ишенерин белгиледи Chicago Tribune. "Биз бул жерде миссия аткарылып бүткөнгө чейин болобуз", деди ал.

Генерал Николсон АКШ жана НАТОнун Ооганстандагы акыркы он жылдан берки сегизинчи башкы командачысы. Учурда Ооганстанда 14 миң америкалык аскерлер бар. Ооган кампаниясынын тушунда азиялык бул өлкөгө 100 миң АКШ аскери жөнөтүлгөн. Бирок “Талибанды” жеңүү мүмкүн боло элек, деп жазды Chicago Tribune.

Өзбекстандагы акустикалык чабуул

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандагы АКШ элчилигине акустикалык чабуул болгону тууралуу маалыматты четке какты, деп жазды The Hill. Буга чейин аталган элчиликтин кызматкери акустикалык чабуул болгонун маалымдаган. Буга окшогон алгачкы окуя 2016-жылы Кубада болгон. Америкалык дипломаттар алардын үйүн жана жумушун жогорку жыштыктагы үн коштоп жүргөнүн, бул уйкусуздук жана кулактын начар угушун пайда кылып жатканын айтышкан.

Бул арада CBS News өз булактарына таянуу менен Ташкенттеги АКШнын элчилигинде болгон окуяга Орусиялык атайын кызматтардын тиешеси болушу мүмкүн деп жазды. New York Post Куба менен Өзбекстан Орусия менен достук мамиледе экенин белгилеп, буга байланыштуу Москва Гавана жана Ташкенттеги акустикалык чабуулдарга колу тийген болушу ыктымал деп жоромолдоду.

XS
SM
MD
LG