Ссылки доступа

Назарбаев Жээнбековду Астанага чакырды (видео)


Казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы башчысы Сооронбай Жээнбековду расмий сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал бүгүн Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийин журналисттерге маалымдады:

- Сапардын алкагында кыргыз-казак кызматташуусунун келечегин талкуулайбыз, - деди Назарбаев.

Жээнбеков Назарбаевге президенттик кызматка шайланышы менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет”, - деди ал.

Казакстан президенти: "Эки элдин ортосундагы бир туугандык, боордоштук мамилелердин баарын ордуна келтиребиз. Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан "Жол картасын" кароо үчүн эртең-бүрсүгүнү өкмөттөн өкүлдөр Казакстанга келет, кол коет", - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG