Мындай билдирүүлөр Associated Press жана Reuters сыяктуу бир катар агенттиктерде дагы пайда болду. Ак үй алдыдагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды четке кагууда.
The New York Times кабарлагандай, Тиллерсондун отставкасы тууралуу жакынкы жумаларда жарыяланат. Басылма Чалгын кызматынын жетекчилигине республикачыл-сенатор Том Коттон келиши ыктымал деп жазып, бирок Ак үйдүн бул планын Трамп жактырган-жактырбаганын тактаган жок.
Октябрдын башында NBC телеканалы Тиллерсон Трамп менен жаңжалдашкандан кийин отставкага кетүүнү пландап жатканын кабарлаган. Телеканал өз булактарына шилтеме кылып, Мамлекеттик департамент башчысы кызматтан жайында эле кетүүнү ойлогонун, бирок вице-президент Майк Пенс аны калууга көндүргөнүн билдирген. Тиллерсон анда бул маалыматты четке каккан.