Ссылки доступа

Орусия кызматташтыгы Худжантта илим жана маданият борборун ачты (видео)


Худжантта Тажикстандагы Орусия кызматташтыгы агенттигинин Илим жана маданият борбору ачылды.

Ачылуу аземине Тажикстандагы Орусиянын элчиси Игорь Лякин-Фролов менен Согди облустук администрациясынын төрага орун басары Анвар Яъкуби катышты.

Орусиялык илим жана маданият борборунун филиалы Худжанттагы эки кабаттуу хансарайда жайгашкан. Имаратта китепкана, окуу залы, компьютердик класс бар. Борбордо орус тилин окуу боюнча ийримдер, көркөм студия болот. Көргөзмөлөр жана конференциялар өткөрүлөт.

Орусиялык илим жана маданият борбору алгач ирет 2011-жылы 2-сентябрда Душанбеде ачылган. Анын негизги максаты орус маданиятын өнүктүрүп, орус тилинин позициясын бекемдөө болуп саналат.

Орусия кызматташтыгы агенттигинин башчысы Любовь Глебованын айтымында, чет өлкөдө орус тилин өнүктүрүү үчүн 300 миллион рубль бөлүнөт. Учурда жакынкы чет өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бөлүнүүдө.

Августта Тажикстанга 30 орусиялык мугалим жөнөтүлгөн. Орусиядан 60 миңден ашуун орус тилиндеги китептер алынып келинген.

Гуманитарная помощь Таджикистану: Россия направила в страну 60 000 учебников и 30 учителей
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG