Тажик өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү боюнча 19 кишиден турган комиссиянын жаңы курамы бекитилип, аны премьер-министр Кохир Расулзода жетектейт.
Тажик-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялар 2000-жылы эле түзүлгөн. 2002-жылга чейин тараптар чек аранын 84% такташып, ошол жылы октябрда эки өлкө президенттери Өзбек-тажик мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге кол коюшкан.
Келишимдин күчүнө кириши боюнча ратификацияланган грамоталарды алмашуу иш-чарасы 2009-жылы мартта Ташкентте болгон.
Чек аранын калган 16% боюнча талаштуу маселелерди 2012-жылы февралдагы сүйлөшүүлөрдө чечүү пландалган. Бирок анда тажик-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын үч күндүк жыйыны жыйынтыксыз аяктаган.
Эки өлкө чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири — өткөн кылымдын 40-жылдарында курулган жана Тажикстандын аймагында жайгашкан Фархад плотинасы эсептелет.