Ошол эле маалда Трамп израилдиктерге дагы, палестиндиктерге дагы алгылыктуу болчу тынчтык келишимге жетүү үчүн болгон аракетин көрөрүн белгиледи.
Шаршембиде Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган убакыт эчак эле келгенин айтты. «Мен бул убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам», — деди ал.
Буга чейин Трамп Кошмо Штаттар Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүрөрүн айткан. Бул тууралуу ал Израиль, Палестина автономиясы, Сауд Арабия, Египет жана Иорданиянын лидерлери менен телефондук сүйлөшүү учурунда билдирген.
Элчиликти көчүрүү иштери техникалык себептерден улам, алты айдан эрте эмес убакытта бүтөт.
Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трамптын чечимин кескин сынга алышты. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини палестиндер менен израилдиктердин ортосундагы келечектеги тынчтык келишимге доо кетирчү кадамдардан оолак болууга үндөдү. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Иерусалимдин макамы израиль-палестин сүйлөшүүлөрүнөн кийин аныкталышы керек деген пикирде. Атын атабаган америкалык өкүлдөр Трамп бул чечим тынчтык жараянга өбөлгө болот деп эсептей турганын айтышкан.
Америка элчилигин Иерусалимге көчүрүү жана шаарды Израилдин борбору катары таануу эл аралык консенсуска карама-каршы келет. Батыш өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышпайт. Палестиндер өзүнө эски шаарды камтыган, мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык жайлары жайгашкан Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болушу керек деп талап кылып келишет.