«Адил сөз» уюму жарыялаган кайрылууда активисттер Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлигинин ММК жөнүндө жаңы мыйзам иштеп чыгуу демилгесин колдошкон.
Парламент мажилиси таратынан 22-ноябрда колдоо тапткан мыйзам долбоорунда журналисттер маалыматтын аныктыгын суроо жиберүү аркылуу текшерүүгө, ошондой эле макалада аты аталган адамдардын жеке, үй-бүлөлүк, банктык жана башка сырларын жарыялоо үчүн алардын макулдугун алууга милдеттендирилет. Жергиликтүү укук коргоочулар буга макул эмес.