Казакстандын мурдагы муфтийи, 45 жаштагы Ержан Малгажулы Маямеров “өз каалоосу менен кызматтан кеткенин” жарыялады. Ал Алматыдагы «Нур-Мубарак» университетинде иштеп баштайт. Ержан Маямеров башкармалыктын төрагасы болуп 2013-жылы дайындалган.
Маямеров бүгүн Оразды жыйындын катышуучуларына тааныштырды. Уюштуруучулардын билдиришинче, ага 300 делагат катышып, жаңы муфтийди бир добуштан шайлашты. Анын орун басарлары дагы дайындалды.
42 жаштагы Серикбай Ораз 1992-жылы Ташкенттеги медресени аяктаган. Египет, Исламабадда билим алган.