Келишимге ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын эми биргелешип пайдаланат. Ал эми суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу толугу менен Кыргызстанга өттү. Өзбекстан болсо суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алды. Келишимдин мөөнөтү жазылган эмес.
Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашса да, ага ээлик кылуу тизгинин буга чейин эки тарап бири-бирине ыраа көрбөй келген. 2016-жылы суу сактагычты кайтаруу боюнча маселе чыгып, ал өзбекстандык бир милиционердин кыргызстандык чек арачылар тарабынан кармалышына чейин жеткен. Өзбек милиционери он күндөн кийин өзбекстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшыра баштаган.
Быйыл 6-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапарында суу сактагыч боюнча макулдашууга кол коюлган. Орто-Токой суу сактагычынын жалпы аянты 850 гектар.