Кабарларга ылайык, шектүүлөр Ирандын Захидан провинциясы аркылуу Ооганстанга жетип, ал жактан "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулууну көздөшкөн. Үчөөнүн бирөө аял экени маалым болду.
Быйыл март айында Хатлон облусундагы бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү Ирандан Тажикстанга экстрадицияланган. Алар да ушундай жол менен Ооганстанга жетип, экстремисттик топтун катарына кошуулуну көздөп баратышканы маалым болгон.
Нью-Йоркто жайгашкан "Soufan Group" аналитикалык компаниясынын баяндамасына ылайык, Тажикстандын 700дөн ашуун жарандары Сирия менен Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кошулуп кетишкен. Алардын көбүнүн тагдыры белгисиз.