- Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ азырынча жок. Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу топтору бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Мурдагы келишимге кол коюлгандан бери үч ай өттү. Бул аралыкта жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты. Алдыдагы сапар учурунда чек ара боюнча документке кол коюлбайт.
Субакожоева кошумчалагандай, сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугушат. Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагында кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык багытта кызматташуусу, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагында карым-катнаш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат. Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда президент катары алгачкы расмий сапарын Өзбекстандан баштаганы турат.
Быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады.