Чет өлкөлүк жаран Ооганстанга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулууга ниеттенген. Ал быйыл июлда Хатлон облусундагы Жайхун районундагы чек арада ооган тарапка мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган учурда кармалган.
Маалыматтарга караганда, Франция жараны Тажикстанга Кыргызстан аркылуу туристтик виза менен келген. Анын мусулман тектүү француз экени аныкталды. Ал тергөө учурунда аны Кыргызстанда Мухаммед аттуу киши Ооганстанга барууга үгүттөгөнүн билдирген.
Алгачкы соттук отурумга Франциянын Душанбедеги элчилигинин өкүлдөрү катышты. Соттолуучу экстрадициядан баш тартып, жазасын Тажикстанда өтөөгө макул болду.
10-декабрда Франс-Пресс агенттиги ооган бийлигине шилтеме берүү менен Сириядан качкан француз, алжир жоочулары Ооганстандын түндүгүнө жер которушуп, машыктыруу лагерин уюштурушканын маалымдады.