Анын айтымында, кармалгандардын бири аталган уюмдун аймактагы лидерлеринин бири болуп саналат.
Кармалган жарандар - Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун тургундары. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын үйлөрүн тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна тиешелүү адабияттар, баракчалар жана дисктер табылган.
Бул факты боюнча кошумча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери уланууда.
"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат.