Ссылки доступа

Ашхабадда көчө тазалоочуларды түнкүсүн иштетишүүдө


Түркмөнстандын Коммуналдык чарба министрлигинин  тазалык  кызматкерлерин түнү менен иштөөгө мажбурлашууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагынын кабарлашынча, Ашхабаддын борбордук көчөлөрүн тазалоо –15-ноябрдан тарта түнкү график боюнча 22:00дө башталып, эртең менен 7:00дө аягына чыгат.

"Күн суук болгонуна карабай, 9 сааттан ашык убакыт көчөдө жүрүүгө арагасыз болуудабыз. Бизге 30 мүнөттүк тыныгуу беришүүдө, бирок жылына турган жай жок. Түнү бою үшүп эшикте жүрөбүз. Тазалык кызматкерлеринин дээрлик баардыгы аялдар. Түнкүсүн 40тан ашуун киши ишке чыгууда", - деди атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы Коммуналдык чарба миинстрлигине кайрылып, бирок бул боюнча комментарий ала алган жок.

Ашхабаддын тазалыгына жооп берген кызматкерлердин айлыгы 800-900 манатты (228-257 АКШ доллары) түзөт.

XS
SM
MD
LG