Ссылки доступа

Өзбекстандык унаа жуугуч кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду


Өзбекстандык кикбоксер Шер Мамазулунов карате, муай-тай жана кикбоксинг өңдүү уруш түрлөрүнөн алынган соккуларды гана узатуу каралган TNA версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу «Чемпионат» порталы кабарлады.

Мелдешке Vityaz Fight командасынын атынан катышкан спортчу машыгууларын автоунаа жуучу жайдагы жумушу менен айкалыштырып келген. Бирок бул анын кесипкөй атаандаштарын утуусуна тоскоол болгон эмес.

Мурдараак анын жеңишинен кийин күйөрмандар голландиялык кикбоксер Муртел Гронхартты рингде сабап салышканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG