Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринин айтымында, студент 13-декабрда Казакстанга качууга аракет жасаган маалда кармалган. Кармоо учурунда ал Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кызматкерин 45 сантиметр узундуктагы, колго жасалган бычак менен сайган. Окуя болгон жерге атайын аскер тобу келип, студентти кармап кетишкен. Жаракат алган чек арачы ооруканага жеткирилген.
Ислам университетинин коопсуздук бөлүмүнүн кызматкеринин билдиришинче, студент – намангандык, артыкчылык менен окуган, төрт жылдан бери окуу жайда бир да жолу тартип бузган эмес.
Студенттин курсташтарынын айтымында, кылмышка шектүү буга чейин кандайдыр бир экстремисттик аракеттерди жасаган эмес. "Аны Казакстанга айланма жол менен бара жатканда жөн гана кармап алышкан. Ал жакта атасы жашайт. Ал коңшу республикага дайыма эле барып турчу", – дешти алар.
Намангандык студентке карата кылмыш иши козголду.