Ссылки доступа

Сот аткаруучулар НТСтин мүлкүн камакка алуу үчүн каналга барышты (видео)


НТС каналынын кызматкерлери 19-декабрь күнү кечке жуук сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылып жатканын билдиришти.

Каналдын программалык продюсери Каныбек Асанкары уулу келген кишилер эфирди токтотууну талап кылышканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Журналист Азият Жекшеев 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барган учурдагы видеону интернетке жүктөдү. Тасмада күч кызматкерлерин да көрүүгө болот.

Сотрудники НТС о требовании наложить арест на канал
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00
Загрузить файл

Ал арада НТСти сотко берген аял телеканалдын имаратына келди. Аты-жөнүн журналисттерге айтуудан баш тарткан аял журналисттерге учурда НТС телеканалынын мүлкүн эсептөө жүрүп жатканын, телеканалдын ишин токтотуу аракети жок экенин билдирди:

- Мүлк-жабдыктарды эсептеп өткөрүп алуу процесси жүрүп жатат. Телеканалдын ишине эч тоскоолдук жок. Сот аткаруучулар өз ишин бүтүргөндөн кийин иш кадимкидей жүрө берет. Силерге "телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат" деп туура эмес маалымат берилген.

Ал кандай арыздын, кайсы сот чечиминин негизинде мындай иш-аракет жүрүп жатканын айтуудан баш тартты. Ал бул маалыматты НТС кызматкерлеринен алууну сунуш кылды.

Кийинчерээк НТС телеканалынан көрсөтүлгөн Бишкек район аралык сотунун аныктама кагазында бул "Grexton Capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович экени жазылган.

Grexton Capital LTD Елена Дзимидович о ситуации вокруг телеканала НТС
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

НТСтин жетекчилиги бүгүнкү окуяны телеканалды жабуу аракети катары баалады. Мындай пикирин телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу 19-декабрда кечке жуук өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзү боюнча, район аралык соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынганы, анын ичинде имарат, жабдыктар жана радиожыштыктар да бар экени көрсөтүлгөн.

-Ушундан улам бул жерде түздөн-түз сөз эркиндигине басым кылуу болуп жатат. Анткени НТС өлкөдөгү алдыңкы канал болуп саналат. Муну акыркы иликтөөлөр да далилдеп турат - деди ал.

Жайнак Үсөн уулунун айтымында, соттун аныктамасында "Grexton Capital LTD" жана "Аянт" ЖЧКсы сотко даттануучу, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн. Анын сөзүнө караганда, буга чейин бул компаниялардан эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес:

- Соттук доо арыз түрүндө да, же алдын-ала маалымдоо түрүндө да биздин уюмга карата арыз-доомат алган эмеспиз. Бул жерде бир гана себеп - НТСти жабуу.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

Учурда НТС телеканалы обого чыгып жатат.

Судебные приставы пришли в офис НТС арестовать имущество канала
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
Загрузить файл

XS
SM
MD
LG