Макмастер 19-декабрда Би-Би-Сиге берген маегинде былтыр Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты деп билдирди.
Герберт Макмастердин пикиринде, 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы тушунда Орусия АКШдагы саясий ландшафтын эки тарабында тең болууну көздөгөн. Москва курчуган абалды жаратуу үчүн оңчул жана солчул күчтөрдү дагы колдошу ыктымал.
Кошмо Штаттардын 18-декабрда жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия менен Кытай АКШнын кызыкчылыгы менен кудуретине чакырык таштаган "атаандаш державалар" катары көрсөтүлгөн.