Күн мурун Украина Коопсуздук кызматы өкмөт катчылыгында тыңчылыкка шектелген аткаминер кармалганын кабарлаган. Ал узак мөөнттүү иш сапарлардын бири учурунда Украинанын өкмөттүк түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча “инсайдерлик маалымат” топтоо үчүн азгырылган.
Кийинчерээк Станислав Ежов иш ордунда кармалганы кабарланган. Чиновниктин бөлмөсүндө жана үйүндө тинтүү иштери жүргөн. Ага карата мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш иши козголду.
ММКлардын маалыматы боюнча Ежов украин премьеринин протокол кызматынын жетекчисинин орун басары болгон. Ал чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушуу учурундагы котормо иштери үчүн жооп берген. Ага чейин Украинанын АКШдагы элчилигинде, Украина президентинин администрациясында иштеген.