Ссылки доступа

Өзбек президенти биринчи жолу парламентке кайрылуу жасады


Ташкенттеги Симпозиумдар сарайында сенат менен парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлдөрүнүн, облустук, райондук депутаттардын жана администрация башчылары менен бейөкмөт уюмдардын катышуусунда видеоселектордук жыйын өтүүдө.

Иш-чарада өзбек президенти Шавкат Мирзиёев парламентке кайрылуу жасап, кийинки жылы жасала турган иштердин приоритеттүү багыттарын атады.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов парламентке эч качан кайрылуу менен чыккан эмес. Мамлекет башчы салттуу түрдө февралда гана өкмөттүн жыл жыйынтыгына арналган отурумунда сөз сүйлөчү.

Шавкат Мирзиёев 2018-жылды Активдүү ишкерликти, инновациялык идеаларды жана технологияларды колдоо жылы деп жарыялоону сунуштады.

Өзбек ММКлары жакын арада президент Шавкат Мирзиёев ири маалымат жыйынын өткөрөрүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG