Дашогуздук фермерлер “Азаттыктын” түркмөн кызматына мамлекетке өткөргөн пахта буласы үчүн эмдигиче акчаларын алыша электигин маалымдашты.
Ноябрдын соңунда президент Гурбангулы Бердымухамедов пахта түшүмүнүн аз жыйналганына нааразы болуп, бир катар жергиликтүү аткаминерлерди жумуштан бошоткон.
Бул арада фермерлер бийлик өз милдеттенмелерин аткарган эмес деп билдиришүүдө.
“Пахтаны шашылыш түрдө начар иштетилген жерге септиришти. Начар үрөөндөн улам, дээрлик бардык аймактарда пахта чыкпай калды. Анан кайра үрөөн себүүнү талап кылышты. Натыйжада айдап-себүү иштери жайга аз калганда араң бүттү", - деди дыйкандардын бири.
Фермерлердин айтымында, пахта чыкканда минералдык жер семирткичтер керек болгон, бирок азот убагында табылбай, анын ордуна жазда колдонулуучу жер семирткичти августта араң беришкен.