Ссылки доступа

ФБР: Трамп тууралуу "досьедеги" негизги маалыматтар тастыкталган жок

АКШнын федералдык иликтөө бюросунун директорунун орун басары Эндрю Маккейб британ атайын кызматынын мурдагы өкүлү Кристофер Стилдин Дональд Трамп жөнүндө берген маалыматтары тактала элек экенин билдирди.

Маккейб бул тууралуу Өкүлчүлүк Конгрессинин Чалгындоо комитетинин угууларында билдиргенин The Washington Times жазды.

Угуулар учурунда Маккейбден Трамптын штабынын Орусия менен кутумга баргандыгы тууралуу Стил тапкан маалыматтардын кайсынысы тастыкталганын сурашкан. Маккейб 2016-жылы июлда Трамптын кеңешчиси Картер Пейдждин лекция үчүн Москвага барганы гана аныкталганын билдирген. Пейдж Орусияга барарын жашырган эмес жана анын сапары тууралуу көп кишилер билген.

ФБР досье менен АКШда президенттик кампания кызуу жүрүп жаткан маалда таанышкан. Стилге маалыматтарды топтоону Демокартиялык партиянын Улуттук комитети тапшырган. Документте Трамптын 2013-жылдагы Орусиядагы сапарындагы адепсиз жоруктары тууралуу маалыматтар камтылган. Бул маалыматтар тастыкталбаганы менен ФБР ишти иликтеп чыгууну чечип, досьедеги маалыматтарга таянуу менен Трамптын айланасындагы кишилердин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоо боюнча соттон уруксат сураган.

The Washington Post Маккейб жаңы жылдан кийин кызматтан кетиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG